Кара жоргону катыра бийлеген Руслан жардамга муктаж

Кара жоргону катыра бийлеген Руслан жардамга муктаж

Мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, алты саны аман адамдардан кыйын мекендешибиз Руслан Ахмеров Россияда өтүүчү эл аралык “ИНКЛЮЗИВ АРТ” фестивалына бий видеосун жөнөтүп, "Кара Жорго" бийи менен калыстардын оозун ачырган. Руслан өз номинациясында биринчи орунду ээледи. Азыркы учурда Русландын кендирин каражат кесип, орду чоң байгени өлкөгө алып келе албай калышы толук мүмкүн. Россияга барып келгенге капчыгы жол бербей турат.