28.04.2020 12:21

Екатеринбургдан дагы 157 жаран Кыргызстанга кайтып келди

Екатеринбургдан дагы 157 жаран Кыргызстанга кайтып келди

Бүгүн, 28-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунда Екатеринбург—Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты. «Урал авиакаттамдары» компаниясынын учагы менен 157 жүргүнчү учуп келди.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет. Андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт.

Учурда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 708 кишиге жетти. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 185 учур катталды.

Белгилей кетсек, азыркы тапта бейтапканаларда 284 оорулуу дарыланууда. Алардын ичинен реанимацияда 6 киши жатат.

Ошол эле маалда 416 бейтап коронавирустан сакайып, ооруканадан чыгарылса, 8 киши илдеттен көз жумду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.