04.10.2018 10:38

Кара-Балта шаарында чыккан өрттөн бир адам каза тапты

Кара-Балта шаарында чыккан өрттөн бир адам каза тапты

Кара-Балта шаарындагы үйдөн чыккан өрттөн бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсык кечээ, 3-октябрда болгон. Саат 16:05 чамасында Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын Коммунист көчөсүндөгү үйдүн 27-батиринен өрт чыгып, бөлмөдө 4 чарчы метр жыгач пол жана төшөнчүлөр күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №22 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 16:28де чектөөгө алынып, 16:53тө толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 46 жаштагы П. А. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон. Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.