17.07.2018 10:11

Кара-Балта суусуна унаасы менен түшүп кеткен жаран изделүүдө

Кара-Балта суусуна унаасы менен түшүп кеткен жаран изделүүдө

Кара-Балта суусуна агып кеткен 26 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

10-июль күнү Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 105-чакырымында Кара-Балта суусуна "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, кырсык болгон жерде 1992-жылы туулган А. уулу С. сууга агып кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүп, бирок табыла элек.

2018-жылдын 17-июль күнү саат 08:30да КР ӨКМнин Жайыл райондук №22 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Панфилов райондук №2 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, жалпы 15 куткаруучу тартылып, издөө иштерин жүргүзүшүүдө.