03.10.2018 09:00

Кара-Балта-Бишкек каттамы менен эл ташыган айдоочу жүргүнчү аялга балдарынын көзүнчө кол көтөрдү

Кара-Балта-Бишкек каттамы менен эл ташыган айдоочу жүргүнчү аялга балдарынын көзүнчө кол көтөрдү

Кара-Балта-Бишкек каттамы менен эл ташыган №302 маршруттук таксинин айдоочусу жүргүнчү аял менен уруша кетип, ага кол көтөрдү. Салондун ичинде коркконунан ызы-чуу түшүп ыйлап жаткан кичине балдар да аны токтото алган жок. Окуянын тасмасын социалдык тармактагы баракчасына интернет колдонуучу жүктөгөн.

«№302 маршрутка. Кара-Балта - Бишкек жолу. Айдоочу салондо музыканын үнүн басаңдатып коюу жөнүндөгү жүргүнчүлөрдүн сөзүнө ачууланып жооп кайтарып жатты. Жадакалса, токтой калып, унаасындагы аялды балдарынын көзүнчө сабап койду. Байкуш балдар коркуп кетишти. Алар тургай, айдоочунун агрессивдүү түрүн көрүп, мен да корктум. Урматтуу депутаттар, министрлер, чара көрсөңүздөр», -деп жазган тургун. 

Эскерте кетсек, сентябрдын ортосунда социалдык тармактарда Бишкекте №223 маршруттук таксинин айдоочусу пенсионерди унаасына салбай кеткени тууралуу тасма жарыяланып, унаа ээси Шаардык транспорт башкармалыгына чакырылган. Айдоочу түшүнүк кат жазып, ал иштеген фирманын ээси пенсионерден видеокайрылуу аркылуу кечирим сураган. 

Сентябрь айынын аяктарында социалдык тармакта №164 маршруттук таксинин айдоочусу салонундагы жүргүнчүлөр менен урушуп, кичине кызды ыйлаткан учурдун тасмасы тарап кетип, айдоочуга 5 миң сом айып салынган.