26.06.2018 09:58

Кара-Балтада барак үйдө өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти

Кара-Балтада барак үйдө өрт чыгып,  толугу менен күйүп кетти

Кара-Балта шаарында чыккан өрттөн аянты 600 чарчы метр барак үй толугу менен күйүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык 26-июнга караган түнү аталган шаардын Садовая көчөсү №97 дареги боюнча катталган. 

Тилсиз жоо чыккан жерге  өрт өчүрүүчүлөр барган менен үй толук өрттөнүп кетти. Жалын башка үйлөргө өтпөш үчүн саат 5:48де гана өрттү толук өчүрүүгө мүмкүн болду.

Өрттүн чыгуу себеби такталууда.