20.06.2019 10:00

Кара-Балтада белгисиздер эне-баланы бычактап кетишти

Кара-Балтада белгисиздер эне-баланы бычактап кетишти

Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын четинде белгисиздер эне-баланы бычактап кетишти. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, адам өмүрүнө кол салуу болгону тууралуу кабар райондук милицияга 19-июнь күнү 17:56 чамасында түшкөн. Чалган аял үйүнө беткапчан белгисиз адамдар кирип, анын күйөөсүн жана кайненесине бычак сайып кеткенин билдирген. Экөө тең жеринде каза болгон.

Окуя болгон жерге барган топ 50-55 жаштагы аялдын жана 25-30 жаштагы эркек кишинин бычактан көп сандагы жаракат алган денесин көрүшкөн.

Бул факт «Адам өлтүрүү» менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Каза болгон жарандардын аты-жөнү такталып, 53 жаштагы М.С. жана анын 31 жаштагы М.А. аттуу уулу экени белгилүү болду. Сотко чейинки өндүрүш башталды.