18.09.2018 10:17

Каракол базарынан чыккан өрттөн 836 чарчы метр аянт күйүп кетти

Каракол базарынан чыккан өрттөн 836 чарчы метр аянт күйүп кетти

Кечээ, 17-сентябрда Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» базарынан өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Алдын-ала маалыматтарга караганда, жалын контейнерлердин биринде чыгып, андан башка жактарга тараган. Өрт өчүрүү кызматына кырсык тууралуу саат 22:35те маалымдалып, 4 бөлүм тартылган.

Алдын-ала маалымат боюнча, базардын  836 чарчы метр аянты күйгөн. Тактап айтканда: кийим-кече жана азык-түлүк саткан 8 контейнер. Тилсиз жоо саат 00:20да чектөөгө алынып, 2:10да толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.  

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.