14.02.2019 10:56

Каракол шаарында 18 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип, 5 өспүрүм камакка алынды

Каракол шаарында 18 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип, 5 өспүрүм камакка алынды

Каракол шаарында 18 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип, 5 өспүрүм камакка алынды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кечээ, Каракол шаардык соту Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-берененин 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүшүндө каралып жаткан материалдарды карап чыгып, 18 жаштагы баланын өлүмүнө шектелген беш өспүрүмгө карата камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы 2001-жылы төрөлгөн Д.А., А.А. жана К.А. карата белгиленди, ал эми 16-жаштагы Т.Т. жана Т.Э. бир айлык мөөнөткө камака алынышты.

Бүгүн, 14-февралда болсо Каракол шаардык соту адам өлтүрүү кылмышына шектелип жатышкан 3 балага: 19-жаштагы Н.Т. жана 2001-жылы төрөлүшкөн С.Д., Ж.С. карата баш коргоо чарасынын чечимин чыгарышат. 

Эскерте кетсек, 12-февраль күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы унаа базарынын жанынан 11-класстын окуучусунун жансыз денеси табылган.  Ошол эле күнү кечинде аны өлтүрүүгө шектелип, 16-19 жаштагы 8 өспүрүм кармалган.