09.09.2019 11:08

Караколдо аткаминер пара катары автоунаа алганы тастыкталды

Караколдо аткаминер пара катары автоунаа алганы тастыкталды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын бөлүм башчысы пара катары автоунаа алган. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Каржы полициясына Б.М. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын бөлүм башчысы жер тилкесин каттап бергени үчүн пара катары "ВАЗ" унаасын алганын билдирген. Бирок бөлүм башчы келишимдин шартын аткарбай, автоунааны да кайтарып берген эмес. 

"Бул факт бирдиктүү реестрде катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрдү. Анда пара алуу фактысы далилденди.Унааны атайын жайга токтоттук. Иш боюнча өндүрүш уланып жатат",- дешет мекемеден.