08.08.2018 17:32

Караколдо кызды кызганган жигит анын батирин өрттөп жиберди

Караколдо кызды кызганган жигит анын батирин өрттөп жиберди

Каракол шаарында сүйгөн кызын кызганган жигит анын батирин өрттөп жиберди. Бул туурасында April.kg порталына Ысык-Көл облусунун ИИБ маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдө өрт чыкканы тууралуу маалымат Каракол шаардык ИИБга 6-август күнү, түнкү саат 03.30 чамаларында түшкөн. Окуя болгон жерге шаардык милициянын ыкчам-тергөө тобу жана өрт өчүрүүчүлөр барган.

Бактыга жараша, үйдө эч ким жашачу эмес. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан жалын токтотулган. Батирди кароо маалында эксперттер «атайын өрт коюлган» деген алдын-ала бүтүм чыгарышкан. Милиция кызматкерлери батирдин Каракол шаарынын 38 жаштагы тургунуна таандык экенин аныкташкан. Мурда бул батирде Каракол шаарындагы медициналык окуу жайдын жетекчиси  Анарбүбү Апсалиева жашаган. Ал 2016-жылы бычакталып өлтүрүлгөн болчу.

Батирге өрт койгон деген шек менен жергиликтүү эки жигит кармалды. Алар 18 жаштагы Ж. Акжолтой жана анын тууганы 19 жаштагы М. Адилет. Кармалгандар күнөөлөрүн моюнга алышты. Алардын айтымында, Акжолтой бычак жеп каза тапкан  аялдын кызын кызганып, андан өч алуу максатында бул ишке барган. Тууганын жардамга чакырган жигит батирде киши жоктугунан пайдаланып, балкон аркылуу үйгө кирип, кыздын бөлмөсүнө бензин чачып туруп, өрттөп жиберген. Буга Адилет да жардамдашкан. 

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси (өрт коюу жолуу менен мүлктү атайылап жок кылуу же бүлдүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Шаардык кеңештин чечими менен кармалгандар үй камагына алынды. Тергөө жүрүүдө.