06.04.2020 10:03

Караколдо көп кабаттуу үйдүн подъезддери эмне себептен ширетилди? (сүрөт, видео)

Караколдо көп кабаттуу үйдүн подъезддери эмне себептен ширетилди? (сүрөт, видео)

Каракол шаарынын Кирпичный кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган адамдан коронавирус аныкталып, үйдүн баардык сырткы эшиктери сварка менен бекитилди. Бул тууралуу «Апрелге» жергиликтүү тургандар кабарлады.

«Бүгүн Кирпичный жактан чыкты коронавирус. Караколдо изолиция башталды. Азык-түлүк кирбей калды. Үйдөн чыкпай отургула.Блок-посттор орнотулуп, жолчулар көчөлөрдү цемент менен жаап жатышат», - деп билдирди жергиликтүү тургун.

Күбөлөр салган сүрөттөргө караганда эшиктер чынында эле бекитилген. Коронавируска шектелген адам жашаган үйдүн подъездине темир тор орнотулуп, калган эшиктер сыртынан кулпуланганы айтылат. Үйдү тегерете лента тартышкан. Ал жерде жашагандарды көчөгө чыгарбай жатышат. Жеринде милиция нөөмөттө турат дешет тургундар. Жугуштуу илдетке шектелген жаран 31-марттан тартып ооруканада, анализи тууралуу маалымат жок. Бирок арызынча расмий маалымат бериле элек.

Эске салсак, 5-апрелге карата өлкөдө коронавируска кабылган бейтаптардын жалпы саны 147 адамга жеткен.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.