15.08.2018 11:46
Кара-Кулжада күйдүргүгө шектелгендер бул илдетке чалдыккан уйдун этин жешкен
Кара-Кулжа районунда 12 адам күйдүргүгө шектелип, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу April.kg порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, алардын баары Калматай жана Кыз-Мазар айылынын тургундары. Алар тамакка күйдүргү менен ооруган уйдун этин колдонушкан. Уй Алтын-Күрөк айылында союлган.
«Учурда ооруканага жаткырылган адамдарга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Так диагноз азырынча коюла элек. Жабыркагандардан лабораториялык анализдер алынды. Бейтаптар эки жума дарыгерлердин көзөмөлүндө болот», -деп билдиришти министрликтен.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: