14.01.2019 11:53

Кара-Көл шаарында күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетип, айдоочу жаракат алды

Кара-Көл шаарында күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетип, айдоочу жаракат алды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетип, айдоочу жаракат алды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

«13-январь күнү саат 19:00 чамасында  Бишкек-Ош унаа жолунун 424-чакырымында (Кызыл-Бейит тилкеси) Freightliner  үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаа жолдун боюнда капталынан туруп калган. Унаа жол жабылган эмес. Жол кырсыктын кесепетинен айдоочусу жабыркап, тез жардам кызматы тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Кырсык болгон жерге  өрт коопсуздугун сактоо максатында КР ӨКМнин Кара-Көл шаардык №94 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Өрт катталган жок»,- деп айтылат маалыматта.