17.10.2019 12:16

Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сотунун жабык өтүшүн сындады (видео)

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сотунун  жабык өтүшүн сындады (видео)

ЖК депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сотун жабык өткөрүү чечимин анын актыгын жашыруу аракети катары баалады.

17-октябрда парламенттин жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевге кайрылып, ал Атамбаевдин соту боюнча суроолорду койду:

«Эмне үчүн экс-президенттин соту жабык өтүшү керек? Эмне үчүн соңку өткөрүлгөн беттештирүү купуя бойдон калууда? Эгер соттун баары мыйзамды сактоо менен өтүп жатканын көрсөткүңөр келсе, сот эмне үчүн жабык болушу керек? Демек, тилекке каршы, бүгүнкү күндө бийликтики эмес, экс-президенттики туура», -деди Карамушкина.

Буга президенттин өкүлүнөн жооп болгон жок.

Эскерте кетсек, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгарылышына  байланыштуу кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече адам соттолууда. 16-октябрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов бул сот жараянын баштан-аяк жабык өткөрүүнү чечкен.