28.11.2018 17:44

Карамушкина «КСДП Атамбаевсиз» жыйынына келгендерди уяткарды (видео)

Карамушкина «КСДП Атамбаевсиз» жыйынына келгендерди  уяткарды (видео)

Бишкек шаарынын Свердлов районунда «КСДП Атамбаевсиз» жыйыны болуп өттү. Ага болжол менен эки жүзгө жакын киши катышты. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы билдирди.  

Иш-чарага КСДПнын Бишкек аймактык уюмунун жетекчиси, депутат Ирина Карамушкина келди. Таң калычтуусу, КСДПнын жыйынга катышкан айрым «мүчөлөрү» партиянын шаардык уюмунун төрагасы Карамушкинаны тааныбай, прокуратура өкүлү катары кабыл алышты.

Депутат алардын жыйыны мыйзамсыз экенин билдирди. «Мен партиянын Бишкек шаарындагы уюмунун төрагасымын. Сиздер шаардын атынан чогулуп жатасыздар. Сиздер мени тааныбасаңыздар, мен да сиздерди тааныбайт экем, көрбөптүрмүн. Партиянын шаардык ячейкасына жооп берген адам катары мени эмнеге чакырган жоксуздар? Сиздердин бул жыйыныңар мыйзамсыз. Калп эле партиянын атын жамынып, Уставга баш ийбей жыйын өткөрүп жатасыздар. Бул чогулушту уюштуруп жаткандар эбак партиядан чыгарылган адамдар, эмнеге аларды угасыздар? Мына, Данияр (Тербишалиев-ред. ) «Республиканын» мүчөсү», -деди Карамушкина. 

Уюштуруучулар Карамушкинанын сөзүн бөлүп, сүйлөтпөөгө аракет кылышты. 

«Силер партиянын Уставын, тартибин бузуп жатасыңар»,- деген депутат,  иштешүүнү каалабагандар болсо, партиядан чыгып, башка партия түзүп алууга чакырды