10.10.2019 13:08

Карамушкина президентке: Көзгө карап туруп, өлкөдө эмне болуп жатканын айтыңыз!

Карамушкина президентке: Көзгө карап туруп, өлкөдө эмне болуп жатканын айтыңыз!

Бүгүн, 10-октябрда ЖК депутаты, КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкина кесиптеши жана КСДП төрайымы Асель Кодуранованын Кой-Таш окуялары боюнча ачылган иштеги макамын өзгөртүү маселесин көтөрүп чыкты. 

Эскерте кетсек, кечээ Биринчи Май райондук соту Кодуранованы 9-декабрга чейин үй камагына алган. Андан сырткары, Карамушкина дагы учурда үй камагында. Тергөөчүлөр депутаттын телефонун 2 айга алып коюшкан, эми сот Кодуранованын дагы телефон жана интернет менен колдонуусуна тыюу салды.  

«Биздин укуктук мамлекетте эмне деген гана иштер болуп жатат? Же мамлекет болбой эле падышачылык болуп калды беле? Жарандардын укуктарын жана депутаттардын макамдарын бети жоктук менен тебелеп жатканда унчукпай турбаш керек», - деди ал. 

Карамушкина мандаты жана эл алдында чыгып сүйлөө укугунан колдонуп жатканын белгиледи. Ал президент Сооронбай Жээнбековго өлкө президенти катары кайрылды. 

«Мен бизди кабыл алууңузду сурайм. Көзгө карап туруп, өлкөдө эмне болуп жатканын айтыңыз. Эгер сиз элди бириктирип, мамлекетти өнүктүрөм десеңиз, кысым көрсөтүү эмес, башкаруу жолун тандаңыз», - деди депутат.

Карамушкина анын жана Атамбаев башында турган команданын оппозициялык күчтөрдү чогултууга конституциялык укугу бар болгонун эскертти. 

«Эгер Атамбаев көтөрүлүш жасагысы келсе, 7-августта эле элди аянтка алып чыкмак, эл өзү ошону талап кылып жаткан кезде. Ал маданияттуу жол менен сүйлөшүүлөр өтөөрүн күткөн», - деди эл өкүлү.