21.04.2020 13:32

Карантин учурунда майыптар маянасыз отурушат

Карантин учурунда майыптар маянасыз отурушат

«Азиздер жана дүлөйлөр коомунун» Канттагы ишканасынын жетекчиси Талант Жолдошбековдун видео кайрылуусун «Апрель» редакциясына жөнөткөн.

Тигүү ишканасынын жетекчиси эки айдан бери буйрутманын акысын ала албай жатканын билдирген. Ишканага карыз мекемелердин тизмесинде КР УКМК, КИМК жана башка мамлекеттик түзүмдөр бар. Карыздын жалпы суммасы 2млн 281миң сом. Эки айдан бери ишкананын катардагы кызматкерлери маяна акыларын алыша элек. Анын ичинде карантин учурунда да акчасыз отурушат. Бирок учурлар алар үйүнөн иштеп жатышат.

Ишканада жалпысынан 36 адам эмгектенет. Алардын ичинен 23 адам угуу жана көрүү боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер.

Жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси каржы министрлигине кайрылганы менен майнап чыккан эмес. Ал жактын жообун так келтирсек, “учурда электрондук каттар кабыл алынбайт, карантинге байланыштуу бул бөлүм иштебейт”. Бир гана кагаз түрүндө кайрылуу кабыл алынат.

«Мен Канттан баардык тосмолорду өтүп отуруп, министрликке катымды алып келип, кутуга таштап кетишим керек экен. Биздин өкмөттүн кантип иштеп жатканына мисал», - деди Талант Жолдошбеков.