21.02.2019 11:49

Кара-Суу айылында иске ууланган үй-бүлө отту мешке эмес, чакага жагышкан

Кара-Суу айылында иске ууланган үй-бүлө отту мешке эмес, чакага жагышкан

Талас районунун Кара-Суу айылында иске ууланган үй-бүлө отту мешке эмес, чакага жагышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

«19-февраль күнү үйдүн электр энергиясын кесип кетишиптир. Үй-бүлө буга чейин үйүн электр кубаты менен жылытып жүргөн. Мештин болсо, мору толуп калган экен. Үй ээси уулу баласы менен Бишкекке кеткендиктен, аялы жана балдары мешке от жага албай коюшуп,  үйдүн ортосуна чара коюп, чаранын үстүнө чака коюп көң жагышкан. От күйгөндө чаканын үстүн жаап коюп, баары уктап калышкан», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-февралда Талас облусунун Кара-Суу айылында бир үй-бүлө иске ууланып, 2 баласы аман калып, апасы менен кызы каза тапкан. Учурда 13 жаштагы баласы эсине келип, абалы канааттандыраарлык. Ал эми 5 жаштагы кызы эсине келе элек.