16.05.2018 09:46

Кара-Суу районунда чыккан өрттөн 200 чарчы метр жер күйгөн

Кара-Суу районунда чыккан өрттөн 200 чарчы метр жер күйгөн

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Фуркат айылында өрт чыгып, соода түйүнү, чайхана жана турак жай күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

Тилсиз жоо тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө кечээ кечки саат 21:00 чамасында түшкөн. 

«Кырсык болгон жерде 5 өрт өчүрүүчү топ иш алып барып, жалынды толук өчүрүүгө 3 саатка жакын убакыт жумшалды. Чайхананын 40 чарчы метр аянты, үй менен магазиндин жалпы 136 чарчы метр аянты күйүп кетти», —  деп билдиришти ӨКМден. 

Өрт кырсыгы соода түйүндөрүнөн чыгып, жанаша жайгашкан чайканага өткөн.