13.03.2019 15:01

Кара-Суудагы кайгылуу окуя: Кийин дагы бирөө сыздап калбашы үчүн өкмөт чара көрүшү керек

Кара-Суудагы кайгылуу окуя: Кийин дагы бирөө сыздап калбашы үчүн өкмөт чара көрүшү керек

Жубайы менен кызы иске ууланып каза тапкан Талас районунун Кара-Суу айылынын тургуну өкмөттөн  облустагы РЭС жетекчилигин жоопко тартууну суранат. Теңдик Избасаровдун айтымында, жетекчиликтин шалаакылыгынан кол алдындагы инспекторлор өз билемдигин кылып, кесепети тынч жашап жаткан үй-бүлөгө тийди. 

«Үйүмдүн жарыгын кесип кеткенинен эки бүлөмдөн бирдей ажырап, сыздап отурам. Өзүм Кара-Суу айылдык кеңештин депутатымын. Электр энергиянын акчасын өз убагында төгүп келгем. Декабрь үчүн 3 миң төгүп, 80 сому майда акча жогунан кийинкиге калып калган. Андайда  инспекторлор өздөрү деле «кийинки айда төлөп коесуз да» дешип, көйгөй катары көрүшчү эмес. Кырсык болоордон бир жума мурун уулумду көрсөткөнү Бишкекке кеттим эле. Мен жокто январь айы үчүн 2400 сом чыгып келиптир. Аны деле төлөмөкпүз, бирок 5 күндөн кийин эле эч кандай эскертүү бербей туруп, үйдө чоң кишилер жокто электр энергиясын кыйып кетиптир. 7-класстагы кызымдын суранганын укпай коюптур», -деп билдирет Теңдик Избасаров.

Анын айтымында, учурда бул окуя үчүн инспектор кызматтан алынды. Бирок, экинчи мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн жетекчиликти кетириш керек.

«Менин талабым - жетекчилерди жумуштан алуу. Кийинки келгендерге  сабак болсун, мага окшоп, кийин бирөө сыздап калбасын. Өткөндө Казакстанда 5 бала каза болгондо министрди кызматтан алышкан. Бизде инспекторду кетирүү менен чектелишти. Райондук, облустук жетекчилерди жумуштан алсын. Бул кырсык жетекчилер инспекторлорду көзөмөлдөбөгөнүнөн болуп атат. Негизи электр энергиясын өчүрөөрдө эскертүү берилиш керек болчу. Инспекторлор өз билгенин кылып өчүргөн. Монтер жарыкты кесип жаткан маалда зымда ток болгон. Бизде азыр ар бир айылда бирден инспектордун жардамчысы бар. Алган айлыгы 15-20 миң сом. Негизи штатта  жардамчы каралбаптыр. Аларга акчаны кайдан төлөп жатышат?», -дейт нааразы айыл тургуну. 

Теңдик Избасаров азыр Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул ишке аралашып, басып коюу аракетин көрүп жатышканын билдирди.

«Биз шайлаган депутаттар биз үчүн иштеп берсе болот эле. Азыр Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Талас облусунун РЭСине адвокат болуп, Таласта жүрүшөт. Өздөрү койгон кишилер экен, алардын таламын талашып жатышат. Мен аларга айтаар элем, бул иштен колуңарды тартпасаңар, анда биз да башка чараларга барабыз. Мен өзүм активистмин, 2010-жылы электр энергиясы кымбаттаганда эл үчүн көтөрүлүп чыккандардын биримин. Бакиевдин бийлигинен коркпогон, Жээнбековдун бийлигинен коркмок белек», -деди Кара-Суу айылдык кеңештин депутаты.

Эскерте кетсек, 20-февралда Талас облусунун Кара-Суу айылында бир үй-бүлө иске ууланып, апасы менен 7-класста окуган кызы каза тапкан. Эки бала ооруканага жеткирилип, 13 жаштагы баласы бат эле эсине келип, үйүнө чыгарылган. Ал эми 5,5 жаштагы кыз учурда Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Атасынын айтымында, көзүн ачкан менен жакындарын тааный элек.