21.06.2018 08:30

Карызын төлөөнү создуктуруу үчүн Темиртау тургуну 4 банкка "бомба каткан"

Карызын төлөөнү создуктуруу үчүн Темиртау тургуну  4 банкка "бомба каткан"

Полиция «банк имаратында бомба катылган» деген жалган маалымат берип чалган Темиртау шаарынын (Казакстан)  тургуну 1,5 жылга кесилди. Бул туурасында казак басылмалары жазып чыкты.

Жарылуучу зат тууралуу жалган маалымат берүүгө жарандын карызы себеп болгон. Ал сот учурунда карызы үчүн банктагы эсебинен акча каражаты кармалчу күн келип калгандыктан, буга тоскоол болуу  максатында жогорудагы кадамга барганын айткан. Полицияга чалган учурунда, жаран бомба банктын кайсы филиалынын имаратында катылганын так айтпагандыктан, ыкчам кызмат  4 филиалдан тең адамдарды эвакуация кылууга мажбур болгон.

Темиртау шаардык соту 28 жаштагы айыпталуучуну терроризм актысы боюнча жалган маалымат бергени үчүн күнөөлүү деп тапты. 

Сот Асанали Смайлов: «Соттолуучу 1 жыл 6 ай эркинен ажыратылып, орточо коопсуздуктагы мекемеде жаза мөөнөтүн өтөсүн», - деп өкүмдү окуп берди. 

Иштин материалдарына караганда, 28 жаштагы жаран өткөн жылдын аягында полицияга чалып, банктын төрт филиалында жарылуу болушу мүмкүн деп билдирген. Имаратты карап чыгып,  коопсуздук кызматы шектүү эч нерсе тапкан эмес. Азилчи бир нече сааттан кийин кармалган.