16.10.2018 08:30

Карызкор адам камсыздандыруучу компанияны алдайм деп жатып, үй-бүлөсүн өлтүрүп алды

Карызкор адам камсыздандыруучу компанияны алдайм деп жатып, үй-бүлөсүн өлтүрүп алды

Кытайдын Хунань провинциясындагы Лоуди шаарында күйөөсү өлгөн киши болуп анткорлоном деп жатып, аялы менен балдарынан ажырады. Бул туурасында AsiaOne жазып чыкты. 

34 жаштагы эркек киши 7-сентябрда жоголуп кеткен. 12 күндөн кийин дарыядан анын унаасы табылган, бирок, унаанын ичинде сөөк болгон эмес. Ата-энеси уулунун жоголуп кеткенине келинин күнөөлөп башташкан. Алардын пикиринде, келин иштебей, үйдө отурганы аз келгенсип, күйөөсүнүн акчасын көп короткон. 

10-октябрь күнү аял балдарын, андан соң өзүн өлтүргөн.  Өлүм алдында кат таштап, анда акчаны керектүү нерсеге гана коротконун, балдары али кичине болгондуктан үйдө отурганын жазган. Ошондой эле, күйөөсүн сүйөөрүн, тигил дүйнөдө үй-бүлө кайрадан биригишин каалай турганын билдирген. 

Буга чейин дайынсыз жок болуп аткан киши аялы менен балдарынын өлүмү тууралуу уккан соң полиция бөлүмүнө келип, көрсөтмө берген. Көрсө, алган насыялары 100 миң юанга (950 миң сомдун тегереги) жетип кеткенде, ал үй-бүлөсүн башкача жол менен камсыз кылууну чечкен: өз өмүрүн миллион юанга камсыздандырып, дарыяга чөгүп өлгөндөй түр көрсөткөн. Камсыздандыруу боюнча берилүүчү акчаны аялы алмак, бирок, бул планын жубайына айтпай калган. 

Кишини кармашты, бирок, ага кылмыш ишин козгоого негиз жок. Камсыздандыруучу компанияга эч ким кайрылган эмес, демек, алдамчылык фактысына күнөөлөй алышпайт.  Аялы менен балдарынын өлүмүнүн түздөн-түз себеби да анда эмес.