04.07.2018 12:32

Каржы полициясы Мискенбаевге кылмыш иши козголгонун билдирди

Каржы полициясы Мискенбаевге кылмыш иши козголгонун билдирди

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Каржы полициясы) Мээрбек Мискенбаев тууралуу билдирүү таратты. Анда, жергиликтүү порталга Мискенбаевдин атынан жарыяланган «Мага карата ачылган иш – саясий өч алуу» аттуу макалага төгүндөө берилет.

Маалыматта, Мискенбаевге карата  2016-жылдын июнунда эле  «Айкөл Ала-Тоо»  коомдук бирикмесинин өкүлү М.Алыйкулованын атынан арыз түшкөнү айтылат. Анда «Айкөл Ала-Тоонун» мүчөлөрүнө социалдык жардам катары бөлүнгөн акча каражаттарын аталган коомдук бирикме жетекчиси мыйзамсыз ыйгарып алгандыгы жазылган. Бирок, белгисиз себептерден улам, кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Алыйкулова ушул эле 2016-жылы дал ушундай мазмундагы арыз менен укук коргоо органдарына (Башкы прокуратура, УКМК)  кайрылган. Ушул жылдын июнунда аталган жаран Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамкызматына кайрылгандыктан, кылмыш иши козголгон. 

Президенттин тиешелүү жарлыгынын жана Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруу үчүн артыкчылыктуу түрдө мурун кыскартылган кылмыш иштерди, ошондой эле кызматтык, анын ичинде коррупцияга, мамлекеттик жана/же башка муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыштар боюнча кылмыш иштерди козгоодон баш тартуу жөнүндө чечимдерин текшерүү иштери жүрүп жатат, натыйжада азыркы убакта бир катар кылмыш иштери кайра жаңыланып, кайра кароо үчүн бир нече баш тартуу материалдар жокко чыгарылды", - деп айтылат кайрылууда.

Эскерте кетсек, Мискенбаев бул иш өзүнө карата саясий куугунтук экенин билдирип, «Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын» деген сөздү айтканымдан кийин башталды» деп айткан.