17.05.2020 15:51

Камактагы Мээрбек Мискенбаевдин жубайы бийликке кайрылуу жасады

Камактагы Мээрбек Мискенбаевдин жубайы бийликке кайрылуу жасады

Камактагы экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин жубайы бийликке кайрылуу жасады. Ал маалымат караттарына жарыяланды.

Толук текстти беребиз:

“Мен Төлбашиева Айсалкын 1986-жылы Ысык-Ата районундагы Эпкин азыркы аты А. Токтоналиев айылында жөнөкөй үй-бүлөөдө төрөлүп өскөм. А. Молдокулов атындагы орто мектепти 2004-жылы бүтүрүп, Бишкек шаарындагы КГУСТА университетинде Кыргыз-Араб факультетин 5 жыл окуп аяктагам. 4-курсумда окуп жүргөндө базарга соода кылганы барып капыстан Мээрбектин контейнерине барып туруп калдым. Экөөбүз таанышып калдык, ошол эле жылы 2007-жыл эле сентябрь айында таанышып октябрдын он тогузунда баш коштук, 2009-жылы тун балабыз төрөлдү. 2010-жылы Мээрбек мага ачыгын айтпай, ошол күн эч эсимден кетпейт жаан жаап турган, үйгө шашып келип азык-түлүктөрдү таштап, машинага отуруп кетпечи эч жакка деп эшигин толгосомда катуу айдаган бойдон кетти! Көрсө форумга барып андан ары ак үйдү көздөй кетишиптир. Эң биринчилерден ок тийип, оор жарадар болуп, көп кан кетиптир. Аллахыма чексиз шүгүрлөр жакшы адамдар убагында больницага жеткиришип жаткырышыптыр, башынан көп оор операциялар өттү. Башы да ооруйт 6 айда бир ооруканага жатып даарыланып турчу, балдак менен көпкө басып кийин өзү эле басып кетти. 2011-жылы экинчи уулду болдук, 2018-жылы мен үчүнчү баламды төрөгөндөн кийин күтүлбөгөн жерден оор дарт менен ооруп калдым. Сүтүм такыр чыкпай баламды смесь менен багып 3 айлык кезинде өз ата-энем ооруп калганымды билишип, тезинен ооруканага жаткырып, балаңды биз багабыз деп айылга үчөөнү алып кетип калышты. Жүрөгүм сыздап кичинекей баламды бергим келбей аргасыздан айыгып кетейин деп бердим. Кийин эки чоңураак баламды кайнежем Таласка алып кетти. Ошентип больницада 9 ай жаттым, 2 жолу белимден операция болдум, күчтүү даарыларды 18 ай ичтим, 9 ай укол капельницаларды алдым. Жан жолдошум жанымдан чыкпай төшөктө жатканымда бөпөлөп карады, эми гана үйгө чыгып буттарымдан туруп жакшы болуп калганда жолдошумду күтүүсүздөн сизого камап салышты. Ошондон бери жалгызсырап, ойлонуп эле жүрөм. Болдуда эми качанкыга чейин оор сыноолордо жашайбыз күчүм деле калбай баратат айлам жок балдар үчүн бекем болууга аракет кылам. Жакшы күндөр келсе экен деп Кудайдан тилейм! Бишкекте өз үйүбүз деле жок, өзүм башынан иштебей калгам ооруп калгандан кийин жумуш иштегенге жарабай калдым. Күйөөм жок кыйналдым 1 кг дан ашык көтөрбө деген врачтар, катуу ойлонбо, стресс болбо дешкен. Жолдошумду ырайым кылып чыгарышса жакшы болот эле азыркы бийликтен суранарым чыгаргыла таянар тоомду сураныч!”,-деп жазылат билдирүүдө.

 

Эске салсак, экс-депутат Мээрбек Мискенбаевге Кой-Таш окуяларында “бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу”, “калайман башаламандык уюштуруу”, “барымтага алуу” боюнча айып тагылып, камакка алынган.