31.01.2019 13:32

Каржы полициясы Райымбек Матраимовдун мал-мүлкүн текшерип баштады

Каржы полициясы Райымбек Матраимовдун мал-мүлкүн текшерип баштады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун мал-мүлкүн текшерип баштады. Бул туурасында April.kg порталына мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур тастыктады. 

Маалыматка караганда, текшерүү бүгүн башталган. Эскерте кетсек, мамлекет башчынын 2018-жылдын 18-декабрында өткөн жыйынтыктоочу маалымат жыйынында журналисттер Сооронбай Жээнбековго Райымбек Матраимов тууралуу суроо беришип, өлкөдө коррупцияга каршы ири кампания жүрүп жатканда  катардагы мамлекеттик кызматкердин байлык жыйып алганы тергөө органдарын кызыктырбай жатканынын себептери тууралуу суроо салышкан. 

Президент Сооронбай Жээнбеков бул иш боюнча текшерүү болоорун убадалаган.