22.06.2019 17:34

Каржы полициясы: Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип бүтүп калдык

Каржы полициясы: Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип бүтүп калдык

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип бүтүп калды. Бул туурасында «Азаттык» радиосу мекеменин башчысы Бакир Таировго таянып жазып чыкты. 

Таиров өз сөзүндө тергөө учурунда Финполго эч бир тараптан кысым же басым болбогонун айткан. 

«Тергөө тобуна тажрыйбалуу тергөөчүлөр кирген. Тергөөнүн өз мөөнөтү бар. Ошол боюнча иш алып баруудабыз. Мына, бүгүн 18-июнь, ушул жума биз жыйынтыгын чыгарабыз. Мен жогору же башка жактан бизге «карап кой» деп эч кандай чалуулар болбогонуна ишендирип кете алам», -деген ал. 

Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйөө келтирген. Бирок Матраимов өкмөттүн мындай чечими туура эмес болгонун айтып сотко кайрылган. Соттун бардык инстанциялары аны колдогон чечим чыгарган.

2018-жылдын декабрында жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштириле турганын убада кылган.

Финполициядагы топ февраль айынан бери иштөөдө.

Быйыл 29-майда «Азаттык» радиосу «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деген көрсөтүүсүндө Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз кылган.