26.04.2018 11:50

Каржы полициясынын башчысы Болот Сүйүнбаев кызматтан кетет

Каржы полициясынын башчысы Болот Сүйүнбаев кызматтан кетет

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Болот Сүйүнбаев кызматынан кетет. Бул туурасында «24.kg» маалымат агенттигине  өкмөттөн тастыкташкан. 

Маалыматта отставка тууралуу чечим жакынкы күндөрү кабыл алынаары айтылат. 

"Болот Сүйүнбаев кызматтан өз каалоосу менен кетиши мүмкүн. Буга чейин ага  кызматынан өз эрки менен баш тартуу сунушу түшкөн. Бирок, жооп болгон эмес", -деп жазылат билдирүүдө. 

Эскерте кетсек, 16-апрелде Болот Сүйүнбаев  мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков  тарабынан Каржы полициясынын төрагасы болуп шайланган.

Ага чейин  президент Сооронбай Жээнбеков аны МУККтагы Улуттук коопсуздук тобокелдиктерин анализдөө жана божомолдоо кызматынын жетекчиси кызматынан бошоткон болчу.