21.01.2020 14:24

Каржылык чалгындоо кызматы: Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион доллар - бул мамлекеттик бюджеттин акчасы эмес

Каржылык чалгындоо кызматы: Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион доллар - бул мамлекеттик бюджеттин акчасы эмес

Бүгүн, 21-январда бизнесмен Айеркен Саймаитинин Турцияда киши колдуу каза тапканын иликтөө боюнча депутаттык комиссия кезектеги үчүнчү отурумду өткөрүшүүдө.

Маалыматка караганда, отурумга Улуттук банктын, Бажы кызматынын, мамлекеттик чалгындоо кызматынын жетекчилери катышууда.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик чалгындоо кызматынын башчысы Гүламжан Анарбаев Айеркен Саймаити аттуу жаран 2014-жылы эле көзгө илинип, каза тапкан ишкерге тиешелүү шектүү каражат которуулар аныкталган.

Эске салсак, Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын»  жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Каржылык чалгындоо кызматынын аткаминерлери 700 миллион доллар - бул мамлекеттик бюджеттин акчасы эмес дешти. Учурда мекеме чыгарылган каражат кимге тиешелүү экенин тактап жатат. 

Белгилей кетсек, Түркияда уйгур тектүү Кытай жараны Айэркен Саймаитини 10-ноябрда кечинде Стамбул шаарындагы отелдин багында атып кетишкен. Ал алган жаракаттарынан ооруканада көз жумган.