05.07.2019 10:07

Ката толтурулган 95 миң аттестат. Каржы полициясы сотко чейинки өндүрүштү баштады

Ката толтурулган 95 миң аттестат. Каржы полициясы сотко чейинки өндүрүштү баштады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы мектеп аттестаттарында табылган каталар боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, быйыл 95 миң бүтүрүүчүнүн колуна ката жазылган аттестаттар тапшырылганы аныкталды. Ката «жөнүндөгү» деген сөздөн кеткен, ал жерде «н» тамгасынын ордуна «ң» жазылып калган.

Ошондой эле, Нарын облусунун Туз айылынын мектебине да жараксыз аттестаттар берилген. Аттестаттарда «СРЕДНЮЮ РЕДНЮЮ ШКОЛУ» деп жазылып калган.

Бул факт Бирдиктүү реестрге катталып, 233-беренеде көрсөтүлгөн (коммерциялык же башка уюмдардагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Буга чейин Билим берүү министрлиги аттестаттагы каталар боюнча ЖМК өкүлдөрүнө комментарий берип жатып, «жөнүңдө» болкуп калган учурду ката деп эсептебей турганын билдирген.

«Министрлик «Учкун» басмаканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аттестаттарда эч кандай ката жок деген чечимге келдик. Басмаканадан билдиришкендей, аттестат басылып жаткан учурда краскадан улам «н» тамгасы «ң» тамгасына окшошуп калган. Ал жакта эч кандай грамматикалык ката жок. Ал эми Кочкор районунда жараксыз 10 аттестат аныкталды. Бул - типографиянын күнөөсү. Аларды кайра алмаштырып беребиз», -деген мекеме.