01.05.2020 14:57

Катар тизилген унаалар. Бишкек менен Ош шаарларында унаа тыгыны жаралды

Катар тизилген унаалар. Бишкек менен Ош шаарларында унаа тыгыны жаралды

Бишкек четиндеги Лебединовка, Новопокровкада шаарды көздөй унаалардын узун тыгыны орун алды. Бул тууралуу “Апрелге” күбөлөр билдирип, видео жөнөтүштү. Бүгүн, 1-майдан тартып айрым тармактардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилген. Шаарларда такси кызматтары да иштей баштаган. Ага байланыштуу эртең менен калаа кире бериштеринде унаа тыгындары пайда болду.


Күбөлөрдүн айтымында, айдоочулар эки саатка чейин жолдо кармалып турушууда.

Бирок өзгөчө абал учурунда жарандарга жеке унаасын айдап шаарга чыгууга тыюу салынган.

Белгилей кетсек, 23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал күчүндө кала берет.