09.04.2020 13:30

Катуу шамаалдын айынан бактар кулап, автоунаалар талкаланды

Катуу шамаалдын айынан бактар кулап, автоунаалар талкаланды

Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте кар жаады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү боюнча алдын ала эскерткен. Ага карабастан катуу шамаал жана кар көптөрү үчүн күтүүсүз жагдайларды алып келди.

Алсак, бир нече автоунаанын үстүнө тал-теректер кулады. Троллейбус жүрүүчү линиялар үзүлдү. Бактыга жараша шаар тургундары жапа чегишкен жок.

“Апрель” редакциясына көрүүчүлөр шаар ичиндеги көрүнүштөрдүн сүрөт, видеолорун жөнөтүштү.