16.01.2020 17:46

Кайдыгер карабагандар жарадар болгон ак илбирсти дарылоого каражат которо алат

Кайдыгер карабагандар жарадар болгон ак илбирсти дарылоого каражат которо алат

Таласта кармалган жаралуу ак илбирсти дарылоого акча топтош үчүн банк эсеби ачылды. Бул тууралуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ак илбирске операция жасалгандан кийин абалы жакшырган. Азыр ал тамак ичип калды.

Эске салсак, 10-январда Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында илбирске операция жасалып, анын башына тийген бытыранын 18 калдыгы алынган.

Бирок операция болгондон кийин анын экинчи көзү көрбөй калган.

Ак илбирсти аткандарды азыр Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин кызматкерлери күч органдары менен чогуу издеп жатышат.

Сейрек кездешкен жаныбар Таластагы Көк-Ой айылынан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, кийин Бишкекке жеткирилген.

Ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.