10.01.2020 15:30

Таласта табылган ак илбирске ок атылган

Таласта табылган ак илбирске ок атылган

Таласта чала жан абалында табылган ак илбирске ок атылган. Мындай тыянакка жапайы жырткычты медициналык кароодон өткөргөндөн кийин келишкен.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин басма-сөз кызматы бүгүн, 10-январда дарыгерлердин консилиуму уюштурулуп, жаныбарды дарылоо планы түзүлгөнүн кабарлады.

 «Рентгенге тартылган сүрөттөр ак илбирске мергенчилик кылган куралдан ок атылганын көрсөттү. Ок баш сөөгүнө кирип кеткен. Аны алып чыгыш үчүн операуия жасалышы шарт. Ал оор эмес. Бирок жаныбардын азыркы абалын эске алганда, операцияны токтото туруу зарыл», - деп билдирет аталган агенттик.

Мал догдурлар ак илбирс күч топтоп, өзүнө келгичекти күтүп турушат.

«Ал өтө алсыз. Тамак жебей, катуу стресс болуп жатат. Адистер ал наркозду көтөрө албай калат деп кооптонуп жатышат. Азыр дары-дармектер сайылып, дарылоо курсу башталды. Биз ал сакайып, операция ийгиликтүү өтөт деп үмүттөнөбүз », - деп ведомствонун басма-сөз кызматы кошумчалаган.

Жарадар ак илбирс 5-6 жашта деп болжошкон.

Эске салсак, Талас өрөөнүндө айылга жакын жердеги токойдогу бактан таап алышкан. Бүгүн ал Бишкекке алынып келинген.