Соль-Илецктен келип, бийликке баш ийбегендерди Таласта мажбурлап обсервацияга алышты

Соль-Илецктен келип, бийликке баш ийбегендерди Таласта мажбурлап обсервацияга алышты

19-майда Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерден 51 адам Талас облусуна келери менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынган. Ар биринен буга чейин эки жолудан ПЧР-анализ алынып, «таза» деген жыйынтык чыккан.

Бирок коопсуздук үчүн алар Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда уюштурулган карантиндик жайларга жайгаштырылды. Алардан кошумча дагы ПЧР-анализдер алынып, беш күндүк мөөнөт менен обсервацияга жаткырылды.

Ал эми сырттан келген жарандарыбыз жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Алар обсервациянын шарттарына нааразы болуп, туалеттин жоктугун жана керебеттерде таракандар «чуркап жүргөндүгүн» жүйө келтиришип, каршылык көрсөтүштү.

Ага карабастан, милиция кызматкерлеринин кийлигүшүүсү менен карантиндик режимдин талаптарына ылайык, Соль-Илецк шаарынан келгендер обсервацияга жаткырылды.

Эске сала кетсек, 18-майда, Соль-Илецкиден алып келинип, «Манас» аэропортунун жанындагы Американын мурдагы «Ганси» авиабазасынын аймагында жайгашкан «Семетей» обсервациясында жаткандар жаңжал чыгарган. Республикалык штабдын алгоритмине ылайык, ал жактагы 413 адам үй карантинине жиберилген. Алардын 51ү Талас облусуна келишкен.

Учурда Талас облусу республикадагы коронавирус катталбаган жалгыз аймак.