07.04.2018 19:52

Кайгуул кызматы катардагы жарандарды ишке алат

Эгерде сиз жумуш издеп жүргөн болсоңуз, кайгуул кызматынын катарын толуктасаңыз болот. ИИМдин калк күзөт кызматынын полкунда токсондон ашык штаттык орун бош турат. Ал себептен жаш жарандарды катарга алуу боюнча сынак жарыяланган. Жыл башынан бери 148 талапкер кайрылып, отуз жетисинин документтери туура келген эмес. Мырзалардан тышкары, айымдар дагы өз күчүн сынап, сынакка катыша алат. Ал эми милиция кызматкери болуу үчүн кандай талаптарды аткаруу керек April.kg кабарчысы Айгөкүл Дайырбек кызынын материалында.