04.03.2019 09:33

Кайыгы калып, өзү жок. Көлдө балык уулоого кетип дайынсыз жоголгон жубайлар изделүүдө

Кайыгы калып, өзү жок.  Көлдө  балык уулоого кетип дайынсыз жоголгон жубайлар изделүүдө

Ысык-Көлдө 1-мартта түнкү саат 3тө балык уулоого кеткен жубайлар изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагынын 2 тургуну 1-мартка караган түнү көлгө балык уулоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болууда. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча күйөөсү 40, аялы 38 жашта. 2-мартта алардын кайыгы көлдөн табылган.

Жалпы 14 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп жатышат.