20.06.2018 17:15

Кайненеси менен урушкан келин поезд алдына боюн таштап жан берди

Кайненеси менен урушкан  келин поезд алдына боюн таштап жан берди

Фергана облусунда 20 жаштагы келин поезд алдына боюн таштап жан берди. Коңшуларынын айтымында, келгенине 6 гана ай болгон келин кайненеси үйүнөн кууп чыккандан кийин өз жанын кыйган.

Маалыматка караганда, 20 жаштагы Рузихон Эргашева 16-июнда Анжиян-Бухара багыты боюнча бараткан поездин алдына боюн таштаган.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, Орозо айт майрамынан кийин Рузихон менен кайненесинин ортосунда уруш чыккан. Андан соң келин өз каалоосу менен же кайненеси кубалап чыккандан кийин үйдөн кетип калган.

«Орозо айт күнү Рузихондун апасы белектерди алып, кызын көргөнү келген. Ал кеткенден кийин келиндин кайненеси апаң татыксыз белектерди алып келиптир деп жаңжал чыгарган», – деди маркумдун коңшуларынын бири.

Бирок келиндин күйөөсү Икболжон Эргашев бул айтылгандарды четке какты.

«Ал күнү эртең менен Рузихондун боюнан түшүп калган. Апам экөөбүз аны ооруканага алып барып, дагы кош бойлуу болосуң деп сооротконбуз. Бир-эки саат эс алгандан кийин Рузихон апасына бара турганын айтты. Кечинде болсо жаман кабар уктук. Биздин үйдө эч качан жаңжал болгон эмес», – деди ал.