13.06.2018 12:24

2017-жылы 300дөн ашуун адам өз жанын кыюуга аракет кылган

2017-жылы  300дөн  ашуун адам өз жанын кыюуга аракет кылган

Кыргызстанда алкоголь ичимдиктеринен уулангандардын саны жыл санап өсүүдө. Өткөн жылы токсикология бөлүмүнө мындай уулануу  менен 584 жаран кайрылган. 2016-жылы  бул көрсөткүч 431 адам болчу. Бул туурасында  Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнүн башчысы  Улан Исманов билдирди.

Дарыгердин айтымында, акыркы убактарда өз өмүрүнө атайылап кол салган адамдар көбөйүүдө. Алардын көбү  психикалык жактан жабыркагандар.  Кээ бирлери турмушка чыга албай депрессияга кабылса , кээ бирлери тескеринче ажырашып,  мындан улам ар кандай жашоодон кечүү максатында ар кандай дарыларды ичип алышат.

«Биз кам көргөн бейтаптар көбүнесе өмүрүнө коркунуч алып келбеген дарыларды ичишет. Бирок арасында мисалы диабетке каршы коркунучтуу дарыларды ичип алгандар бар, алар адам өмүрүн кыйышы мүмкүн. Бир нече жолу ууланып кайрылгандар да болот. Андай адамдар психикалык жардамга муктаж. Ошондуктан  штатта психиатр иштейт. Биздин эсебибиз боюнча,  мындай оорулуулардын саны 10-14% өскөнү байкалат. Анын бирден бир себеби, Бишкектин кеңейиши, мурун биз  1 млн.200 калкты тейлесек, алардын саны азыр эки эсе көп», -дейт Исманов

Дарыгер ошондой эле, былтыр 300дөн ашык адам өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылса, анын 122си муну ачык суу (уксус- ред.)  ичүү жолу менен ишке ашырууну көздөгөнүн билдирди.