07.05.2018 12:51

Кайненесин мыкаачылык менен өлтүргөн келин 24,5 жылга кесилди

Кайненесин мыкаачылык менен өлтүргөн келин 24,5 жылга кесилди

Ош облустук соту кайненесин өлтүрүп, башын өзүнчө кесип ыргыткан келинди 24 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облусттук соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, келиндин денени жашырууга жана бөлүктөргө бөлүүгө көмөктөшкөн эжеси 5 жылга эркинен ажыратылды.  Эже-сиңди жаза мөөнөтүн аялдардын абагында өтөй турган болду. 

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 27-август күнү Ош шаарындагы таштанды челектен аял кишинин башы жок денеси табылган. Кийин ал өз келинин колунан каза тапкан 51 жаштагы Ош шаарынын тургуну экени аныкталган.

Кылмышка шектүү делип, 25 жаштагы келин кармалып, ал күнөөсүн мойнуна алган.  Ош шаардык соту  келинди 20 жылга, кылмышка көмөктөшкөн 38 жаштагы Г.К. аттуу эжесин 4 жыл 6 айга эркинен ажыратууга өкүм кылган. 

Бирок, келиндин күйөөсү, маркумдун уулу шаардык соттун чечимине макул болбой, Ош облустук сотуна кайрылган болчу.