27.01.2020 15:30

Матраимовдор 24.kg агенттигине арткан доо-арызын кайтарып алды

Матраимовдор 24.kg агенттигине арткан доо-арызын кайтарып алды

Депутат Искендер Матраимов, жубайы Миновар Жумаева, Бажы кызыматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов, анын жубайы Уулкан Тургунова, ошондой эле «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук фонду 24.kg агенттигине карата 15 миллион сом суммасындагы материалдык доо арызын кайтарып алды. Бул тууралуу аталган маалымат агенттиги жазып чыкты.

Арызда 24.kg агенттиги «Контрабандалык схемалар Райым Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү» аталышка далилдер жоктугун мойнуна алгандыгына байланыштуу, доогерлер материалдык дооматты артка чакырып алуу мүмкүн деп эсептешет деп жазылган.

Соттун кийинки отуруму 29-январда өтөт.

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24.kg маалымат агенттигин сотко берген.  Маалыматка караганда, Райымбек Матраимовдун намысын коргоо боюнча доонун суммасын: «Азаттык» 22 миллион, Kloop 12 жарым миллион, 24.kg агенттиги 15 миллион сом төлөп бериши керек.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан.