15.05.2019 14:48

Кайрат Примбердиев: Үгүттөөдө эл саясатчылардын куру убадаларынан тажап, концерт үчүн эле барат

Кайрат Примбердиев: Үгүттөөдө эл саясатчылардын куру убадаларынан тажап, концерт үчүн эле барат

Ырчылар шайлоодогу үгүттөн үмүт артпай деле койсо болот. 2020-жылдагы добуш берүү алдындагы үгүт иштеринде концерт жана театралаштырылган көрсөтүүлөргө тыюу салынат. Мындай сунуш депутат Бакыт Төрөбаевден тарабынан жаңырды. Шоу-бизнестеги жылдыздардын чоң гонорарларын айрым партиялар төлөп бере албай калат деп жүйө келтиришет.

Кыргызстанда үгүт өнөктүгү популярдуу ырчылар үчүн киреше табуу булагы экени жашыруун эмес. Бирок саясатчылар концерти жок элди чогулта алабы? April.kg жылдыздардын оюн билип келди.