Кайсы вице-премьер-министр эмнеге жооп берет? Милдеттер бөлүштүрүлдү
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери ортосундагы милдеттенмелер бөлүштүрүлдү. Бул туурасында өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов инвестиция, агроөнөр жай комплекси, реалдуу сектор, аймактык өнүктүрүү маселелерин көзөмөлдөмөк болду.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго укук коргоо органдарынын ишин, чек ара кызматташтыгы, өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы интеграция маселелерин координациялоо жүгү артылды.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөнүн социалдык блогун өзүнө алды.
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаровго финансы-экономикалык жана фискалдык саясат маселелерине жоопкерчилик тийди.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: