17.09.2019 06:48

Каза тапкан кыргыз чек арачысынын аты-жөнү белгилүү болду. Артында жубайы жана 3 баласы калды

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
Каза тапкан кыргыз чек арачысынын аты-жөнү белгилүү болду. Артында жубайы жана 3 баласы калды

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы «Бөрү» атайын багыттагы отряддын жоокери прапорщик Равшан Муминовдун каза тапканын маалымдады.

Спецназ жоокери кечээ кечинде кыргыз-тажик чек арасында болгон чатак учурунда тажик тараптын гранатомет менен аткылоосунан каза болгон. Прапорщик 41 жашта болчу, анын артында 3 баласы, жубайы жана карыган апасы калды.

Кыргыз мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, ок чыгарууну тажик тарап биринчи баштаган. Алар гранатомет менен «Максат» постун, кийин «Сай» убактылуу постун аткылашкан.

Чатактын кесепетинен дагы 6 кыргыз жоокери жаракат алды. Аларды Лейлек районунун Исфана шаарындагы райондук ооруканага жеткиришти. Эки жоокердин абалы оор экени айтылат.

Кыргыз тарап ок Тажикстан тараптан биринчи атыла баштаганын баса белгилейт. Ок атууну эки жактын чек ара мекемелеринин башчыларынын эки сааттык сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана токтото алышкан. Гранатомет менен атуу учурунда Мамлекеттик чек ара кызматынын «Максат» чек ара заставасынын металлдан тургузулган көзөмөлдөөчү мунарасы күйүп кеткени белгиленет.

Тажик тарап өз кезегинде аларда да октон жаракат алгандар бар экенин кабарлады. Өлкөнүн чек ара кызматы чатакты биринчи кыргыз тарап баштап, Тажикстандын куралсыз элине карата ок атканын билдирди.