23.08.2018 10:50

Казак блогери Муратбек Тунгишбаевдин сол көзү көрбөй калды, экинчиси- дарылоого муктаж

Казак блогери Муратбек Тунгишбаевдин сол көзү көрбөй калды, экинчиси- дарылоого муктаж

Кыргыз бийлиги тарабынан Казакстанга өткөрүлүп берилген казак блогери Муратбек Тунгишбаевдин сол көзү көрбөй калды. Бул тууралуу анын жубайы Мерей Калиева билдирди.

Анын айтымында, жолдошунун көзү үчүн алгачкылардан болуп Кыргызстандагы укук коргоочулар кооптонуп башташкан. Дал операция болоор күнү кабарчы камалып калган. Блогердин көздөрү көрбөй калуу коркунучу бар экени тууралуу байма-бай айтылса дагы, 22-августта гана Тунгишбаевди Офтальмологиялык борборго алып келишкен. «Өз убагында дарылабагандыктан, күйөөмдүн бир көзү көрбөй калды. Ага тез арада операция жасоо керек, ошондой эле, экинчи көзү да көрбөй калуу коркунучу жаралууда», - деп билдирет жубайы Мерей Калиева.  

Казак укук коргоочусу Бахытжан Торегожина Мурат Тунгишбаев камалып турган эки айга жакын убакыттан бери бир да жолу тергөө иш-аракеттери болбогонун айтат.  Укук коргоочунун билдиришинче, блогердин камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча сот отуруму жакын арада өтүшү күтүлүүдө.

«Бошотуп коюшса, экинчи көзүн дарыгерлерге көрсөтүп, көрүүсүн сактап калат беле? Бул өлкөдө деги гумандуулук деген барбы? Казакстандын Кылмыш кодексинин 405-беренеси (сот тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу) үй камагына чыгып, көзүн дарылоого уруксат берет», - деди укук коргоочу.

Бахытжан Торегожинанын айтымында, Муратбек Тунгишбаевди 405-берененин 2-бөлүгү менен айыптап жатышат, бул берене боюнча жаза мөөнөтү 2 жыл. Ошондой эле, бул беренеде каралган кылмыш анчалык оор кылмыштардын катарына кирбейт. Мындан улам, укук коргоочулар күрөө алдында камактан бошотууну талап кылууга негиз бар деп эсептешет. Тунгишбаевдин жубайы Мерей Калиева жолдошу күрөө коюуга даяр экенин билдирди. 

Эскерте кетсек, Мурат Тунгишбаевдин эки айлык камоо мөөнөт 27-августта аягына чыгат. Ал июнь айынан бери Алматынын Тергөө изоляторунда кармалып турат. Блогер 10-майда Бишкектен казак тараптын өтүнүчү менен кармалган. 26-июнда Кыргызстан аны Казакстанга өткөрүп берген.