24.02.2020 13:09

Блогер Элмир Сыдымановдун апасы элден кечирим сурады

Блогер Элмир Сыдымановдун апасы элден кечирим сурады

Блогер Элмир Сыдымановдун апасы Махабат Молдомусаева президентке, Жогорку Кеңешке, Башкы прокурорго жана ИИМ жетекчилигине кайрылды.

Ал алгач элден кечирим сурап, уулунун блогерлик менен алектенишин туура көрбөй турганын жана ал катуу жаңылып алганын билдирди.

«Балам үчүн кечирим сурайм. Ал жаңылып сүйлөп алды. Мен анын блогерлик ишин колдобойм. Эки элди бөлөйүн деген ою жок болчу. Анын сөзү «хейтерлерине» багытталган. Сөзүндө бөлүп-жарууга үгүттөө дагы болгон эмес. Ал үчүн эле камап коюу адилетсиздик. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жетиштүү болчу», — дейт Махабат Молдомусаева.

Ал Сооронбай Жээнбеков Элмир Сыдымановдун ишин адилеттүү карап берүүнү өтүнөт.

Айтымында учурда жумушунан айрылып, эки баласы мектепке дагы барбай калышкан. Сыдымандын апасы өзү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан болоорун белгилей өткөн.

Эске салсак, Элмирбек Сыдыманов аймактык кастыкты козутуу айыбы менен эки айга кармалган.