10.12.2018 14:55

Казак оппозиционеринин үй-бүлөсү Кыргызстандан чыгып кетүүгө жардам сурайт

Казак оппозиционеринин үй-бүлөсү Кыргызстандан чыгып кетүүгө жардам сурайт

Казак оппозиционери Жандос Алимкуловдун жубайы Динара Байтасова кыргызстандык укук коргоочулардан жардам сурайт. Бул туурасында Байтасова өзүнүн видео кайрылуусунда билдирди.

Ал кыргыз бийлиги өзүн жана балдарын Казакстанга өткөрүп берип коет деп кооптонуп жатканын айтты. 

«Бизди Манас аэропортунан кармап кетишти. 7 саат чыгарбай кармап турушту. Мен учурда өзүмдүн жана балдарымдын өмүрү үчүн кооптонуп жатам. Мунун баары менин мурунку жолдошумдун ишмердүүлүгүнөн улам болуп жатат. Ал -оппозиционер, учурда Казакстанда эмес. Мен мага же балдарыма бир нерсе кылып коет деп, казак бийлигинен корком. Укук коргоочу уюмдардан жана АКШ элчилигинен биздин Бишкектен учуп кетишибизге жардам берүүнү суранам. Бизде Европага виза бар. Менин улуу кызым -АКШнын жараны. Биз азыр белгисиз бир батирде жашынып турабыз. Менде бизди Казакстанга депортация кылып таштайт деген күмөн бар. Эгерде мени ал жакка жөнөтчү болсо, мага жасалма иш ачып коюп, кыйнашы мүмкүн. Мен ал жакка баргандан корком», -деп билдирди Динара Байтасова.

Белгилей кетсек, буга чейин да коңшу өлкөдөгү адилетсиздиктен качып, Кыргызстандан жардам сурагандар болгон. Тилекке каршы, кыргыз бийлиги Казакстанга оппозиционерлер менен күч колдонуп күрөшүүдө жардам берип келет.