01.04.2019 09:33

Казак-кыргыз чек арасында жүк ташуучу унаалар өтө албай турушат

Казак-кыргыз чек арасында жүк ташуучу унаалар өтө албай турушат

1-апрелге карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү пунктунда жүк ташуучу 223 автоунаа коңшу мамлекетке өтүү үчүн кезекте турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка  ылайык, 31-март күнү саат 20:00дөн баштап, бүгүнкү саат 8:00гө чейин чек арадан 158 фура өткөн. Алардын 84түндө күнүмдүк колдонуучу азык-түлүктөр болсо, 74 машина бош болгон. Андан сырткары, Таластагы «Чоң-Капка» пунктунда учурда 60-70 жеңил машина жана жүк ташуучу 25-30дай автоунаа токтоп турат.

«Мындай абалдын жаралышына чек арадагы тыкыр текшерүү себеп болууда», — деп жазылат маалыматта. Ал эми «Ак-Жол», «Чалдыбар», «Токмок» жана «Кең-Булун» бекеттеринде кезек күткөндөр жок. Белгилей кетсек, «Ак-Тилек» пунктунда фуралар кезек күтүп, өтө албай турганы боюнча маалымат 29-мартта тараган.