06.08.2018 12:42

Казакстан Орусиянын ГЛОНАСС системасын пайдаланууга уруксат алды

Казакстан Орусиянын ГЛОНАСС системасын пайдаланууга уруксат алды

Орусиялык аскерлер өтө так сигнал менен иштеген ГЛОНАССты Казакстанда аскердик максатта пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу Казакстан Коргонуу жана аэрокосмос өндүрүш министрлигине шилтеме жасоо менен РИА Новости билдирди.

“Бул курал-жарак жана аскердик техника үлгүлөрүн, командалык пункттардын жайгашкан жерлерин аныктоого керек. Буга артиллерия жана жапырт атылуучу реактивдүү системалар, баллистикалык ракеталар жана позицияларды жайгаштыруу, негизги иш-аракеттерди, маселен, зениттик-ракеталык комплексттердин багыттарын аныктоо кирет”, -деп билдирди аскер серепчиси Виктор Мураховский.

"Информбюро" порталы "Роскосмос" 2017-жылдын соңуна чейин Казакстандын эки шаары – Астана менен Кызылордодо ГЛОНАСС станцияларын жайгаштырууну пландаганын маалымдады.

Буга чейин Орусия Алжир менен Индияда ГЛОНАСС сигналын пайдаланууга уруксат бергени тууралуу кабар тараган.