13.04.2018 15:05

Казакстанда 2 жолу соттолгон кыргыз жараны мекен чегин мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган

Казакстанда 2 жолу соттолгон кыргыз жараны мекен чегин мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган

Талас облусунда чек арачылар бир кыргыз жаранын мамлекеттик чек араны бузганы жана дагы 3 кыргызстандыкты чек ара режимин бузганы үчүн кармашты. Бул туурасында чек ара кызматынан билдиришти.

Талас облусунун Жайыл районунун 1969-жылы туулган тургуну  Д.Н.,  Казакстандан Кыргызстандын аймагына өткөрүү бекети аркылуу эмес, чек арада курулган инженердик-техникалык курулушту аттап өтүп жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Мыйзам бузуучунун айтымында, ал коңшу өлкөгө 18 жыл мурун чыгып кеткен жана ал жакта эки жолу кесилген. Анын жанында өздүгүн тактаган документтери да жок болгон.

Ал эми Манас районунун Жайылган аймагында дагы 3 кыргызстандык кармалган. Алардын экөө мамлекеттик чек ара чийинине чейин автоунаа менен келгендиги үчүн 389-беренеге ылайык, айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Үчүнчү жаран болсо, Казакстанга мыйзамсыз түрдө 4 жылкы айдап өтүү аракети учурунда кармалган.